26-берене. Жеке ветеринардык практиканы жүргүзгөн жактардын укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 29.07.2024 редакциясы · 6-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 июля 2024 года № 150
1. Ветеринардык практиканы жүргүзгөн адамдар квалификациясына ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
1) акы төлөнүүчү ветеринардык-санитардык кызматтарды көрсөтүүгө жана жаныбарларды ветеринардык жактан тейлөөнү жүзөгө ашырууга;
2) ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген, ветеринария жаатындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды келишимдик негизде аткарууга;
3) жайыт пайдалануучулардын бирикмелерине ветеринардык кызматтарды көрсөтүүгө;
4) ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы мыйзамдарынын талаптарын бузган жактарга карата чара көрүү жөнүндө өтүнүч жасоого;
5) өзгөчө коркунучтуу жугуштуу ылаңдар шектелгенде жана тездик менен күр чыкканда, жаныбарлардын соолугу үчүн техногендик жана башка зыяндуу таасирлер болгондо ветеринария объекттерине барууга жана текшерүү жүргүзүүгө жана ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга тиешелүү сунуштарды киргизүүгө.
2. Жеке ветеринардык практиканы жүргүзгөн адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы мыйзамдарына жана ветеринардык этиканын ченемдерине ылайык иштерди жүзөгө ашырууга;
2) өзүнүн кесиптик даярдыгынын деңгээлин туруктуу жогорулатууга;
3) өзүнүн практикалык ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каттоодон өткөн ветеринардык препараттарды жана дары каражаттарын колдонууга;
4) жугуштуу ылаң жукту деп шектелгенде же ал күр чыкканда ыйгарым укуктуу мамлекеттик ветеринардык органга тез арада кабарлоого;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырууга.
(КР 2017-жылдын 24-майындагы № 89, 2024-жылдын 29-июлундагы № 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.07.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 июля 2024 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О ветеринарии", "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 мая 2017 года № 89 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Закон Кыргызской Республики "О ветеринарии")Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жөнгө салуу жөнүндө " токтомуПостановление · 15.01.2018 · № 17
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 27 ""Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине…Постановление · 17.01.2017 · № 27
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы №17 токтомуПостановление · 15.01.2018 · № 17
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205396/st-26" title="26-берене - Ветеринария жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>