# 24-берене. Ветеринардык палатанын компетенциясы

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 175 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственного контроля в пунктах пропуска на Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112656)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственного контроля в пунктах пропуска на Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112656); 24.05.2017 [Закон КР от 24 мая 2017 года № 89 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Закон Кыргызской Республики "О ветеринарии")](https://aqlex.ai/kg/doc/111597)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205396#diff=1278753..1278754>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5162/edition/1278750/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205396/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 24-берене (29.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-24

---

Ветеринардык палатанын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген, Ветеринардык палатанын реестринде каттоо үчүн зарыл болгон минималдуу талаптарга жактардын квалификациясынын ылайык келишине баа берүү;

2) минималдык квалификациялык талаптарга ылайык келүүчү, ветеринардык практика менен алектенүүчү жактарды акы төлөнүүчү негизде каттоо/кайра каттоо жана алардын реестрин жүргүзүү;

3) жеке ветеринардык врачтар жана параветеринардык адистер тарабынан ветеринардык врачтардын Кесиптик этика кодексинин ченемдеринин сакталышын контролдоо;

4) өз компетенциясынын чектеринде мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, эл аралык жана башка уюмдарга Ветеринардык палатанын ишине тиешелүү маселелер боюнча кеңеш берүү.

(КР 2017-жылдын 24-майындагы № 89, 2023-жылдын 4-августундагы № 163 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-25)
