# 22-берене. Ветеринардык дары каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын жүгүртүү чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 175 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июля 2024 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О ветеринарии", "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/230016224)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205396#diff=1278754..19302>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5162/edition/1278750/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205396/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 22-берене (29.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-22

---

1. Ветеринардык дары каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын жүгүртүү чөйрөсүндөгү көзөмөлдү ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.

2. Ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошулмаларын өндүрүүгө, сатууга жана колдонууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жол берилет.

3. Ветеринардык дары каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын өндүрүүгө, сактоого, ташууга, сатууга жана жок кылууга талаптар Кыргыз Республикасынын ветеринардык дары каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн актылар менен аныкталат.

(КР 2024-жылдын 29-июлундагы N 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-23)
