# 21-берене. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын актылары

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 175 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июля 2024 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О ветеринарии", "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/230016224)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205396#diff=1278754..19302>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5162/edition/1278750/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205396/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 21-берене (29.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-21

---

1. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдүн натыйжалары боюнча таасир этүүнүн укуктук чараларын көрүү максатында кызмат адамдары тарабынан төмөнкүлөр чыгарылат:

1) Кыргыз Республикасынын ветеринария, ветеринардык дары каражаттарын, тоютту жана тоют кошулмаларын жүгүртүү, жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган продуктуларды идентификациялоо, жаныбарлардан алынган продуктулардын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдарын бузууларды жоюу тууралуу, ошондой эле иштин белгилүү бир түрүн токтотуп туруу жөнүндө милдеттендирүүчү буйруктар;

2) Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча документтер;

3) ветеринардык көзөмөлдөнүүчү жана контролдонуучу товарларды жана жүктөрдү кармоо, кайтаруу актылары, ошондой эле аларды утилдештирүү/жок кылуу зарылдыгы жөнүндө милдеттендирүүчү буйруктар.

2. Ветеринардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын актыларын жеке жана юридикалык жактар аткарууга милдеттүү.

(КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-22)
