# 20-берене. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын милдеттери

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 175 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5162/edition/1278750/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205396/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 20-берене (29.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-20

---

1. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) өздөрүнүн иш-милдеттерин аткарууда өзүнүн кызматтык ырастамасын көрсөтүүгө;

2) жаныбарлардын жугуштуу жана жугуштуу эмес ылаңдарынын пайда болуу себептери менен шарттарын белгилөөгө;

3) жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдары же жапырт уулануусу табылганда, өз компетенциясынын чегинде ылаңдардын таркап кетишинин алдын алуу боюнча шашылыш чараларды көрүшү үчүн тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тез арада маалымдоого;

4) эпизоотиялык кырдаал жөнүндө жана жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын пайда болушунун, таркап кетүүсүнүн алдын алуу жана жоюу, калкты адамдар менен жаныбарлар үчүн жалпы илдеттерден жана тамак-аш ууланууларынан сактоо боюнча ветеринардык органдар тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, элге кабарлоого.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-21)
