20-берене. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын милдеттери
Күчүндө · 29.07.2024 редакциясы · 4-глава
1. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) өздөрүнүн иш-милдеттерин аткарууда өзүнүн кызматтык ырастамасын көрсөтүүгө;
2) жаныбарлардын жугуштуу жана жугуштуу эмес ылаңдарынын пайда болуу себептери менен шарттарын белгилөөгө;
3) жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдары же жапырт уулануусу табылганда, өз компетенциясынын чегинде ылаңдардын таркап кетишинин алдын алуу боюнча шашылыш чараларды көрүшү үчүн тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тез арада маалымдоого;
4) эпизоотиялык кырдаал жөнүндө жана жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын пайда болушунун, таркап кетүүсүнүн алдын алуу жана жоюу, калкты адамдар менен жаныбарлар үчүн жалпы илдеттерден жана тамак-аш ууланууларынан сактоо боюнча ветеринардык органдар тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, элге кабарлоого.
Берененин тексти 29.07.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205396/st-20" title="20-берене - Ветеринария жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>