# 2-берене. Ветеринардык иштин принциптери

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 175 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5162/edition/1278750/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205396/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 2-берене (29.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-2

---

Ветеринардык иш төмөнкү принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:

1) адамдын жана жаныбарлардын өмүрү менен ден-соолугуна, айлана-чөйрөгө, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардын мүлкүнө зыян келтирилишин четтетүү;

2) ветеринардык иш-чараларды жүргүзүүдө жаныбарлардын ылаңдарынын алдын алуу артыкчылыгы;

3) ветеринардык иш-чараларды жүргүзүүнүн илимий негиздүүлүгү жана экономикалык натыйжалуулугу;

4) эпизоотиялык кырдаал жөнүндө, анын өзгөрүшү жана эпизоотиялык бакубаттуулукту камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматтардын аныктыгы, жеткиликтүүлүгү жана ачыктыгы;

5) ветеринардык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү;

6) жаныбарлардын амандыгын сактоону камсыз кылуу;

7) жеке ветеринарлар тарабынан жүзөгө ашырылуучу ветеринардык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө.

(КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-3)
