# 19-берене. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын укуктары

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 175 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июля 2024 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О ветеринарии", "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/230016224)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.07.2024 [Закон КР от 29 июля 2024 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О ветеринарии", "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/230016224); 04.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственного контроля в пунктах пропуска на Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112656); 24.05.2017 [Закон КР от 24 мая 2017 года № 89 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Закон Кыргызской Республики "О ветеринарии")](https://aqlex.ai/kg/doc/111597)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205396#diff=1278754..19302>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5162/edition/1278750/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205396/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 19-берене (29.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-19

---

1. Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик ветеринардык инспектору болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктарга ээ.

2. Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери бир эле мезгилде тиешелүү администрациялык аймактардын Башкы мамлекеттик ветеринардык инспекторлору болуп саналат.

3. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдары өз ишинде көз карандысыз болуп саналышат жана ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын ветеринария жагындагы мыйзамдарынын талаптарын жетекчиликке алат.

4. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуктуу:

1) ветеринардык көзөмөл объекттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте тоскоолдуксуз барууга жана текшерүүгө;

2) эпизоотиялык жагдайды, жаныбарлардын ылаңдарынын себептерин табуу, жаныбарлардан алынган азыктар менен чийки заттардын ветеринардык-санитардык сапатына баа берүү, ветеринардык-санитардык талаптарды аткаруу үчүн мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана чарбакер субъекттерден, жарандардан зарыл документтерди жана маалыматтарды алууга;

3) аткаруу бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, менчигинин түрүнө жана кайсы ведомствого таандык экенине карабастан чарбакер субъекттерден, жарандардан эпизоотияга каршы иш-чараларды жана ветеринардык-санитардык талаптарды милдеттүү түрдө аткарууга талап кылууга;

4) жугуштуу оору менен ылаңдап калды деп шек саналган же ылаңдап калган жаныбарларды ташып чыгууга, ордун которууга жана айдап кетүүгө тыюу салууга жана тиешелүү түрдө аларды бөлүп кармоо же союп салуу жөнүндө көрсөтмө берүүгө;

5) жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган, ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербеген продуктулар менен чийки заттарды алып коюуга;

6) ветеринардык тиешелүү коштомо документи болбогон мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдөгү жаныбарларды жана продукцияны алып кирүүгө (импорттоого), алып чыгууга (экспорттоого) тыюу салууга, ошондой эле ушул товарларды алып кирүүгө (импорттоого), алып чыгууга (экспорттоого) уруксат берүүгө;

7) ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербеген жаныбарлардан алынган продуктуларды жана чийки заттарды, ошондой эле ветеринардык дары каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын өндүрүүгө, кайра иштетүүгө, даярдоого жана сатууга тыюу салууга;

8) ветеринардык-санитардык талаптарга ылайыктуулугун белгилөө үчүн транспорт каражаттарына ветеринардык-санитардык кароого жана ташылып бараткан жаныбарларды, жаныбарлардан алынган продуктуларды, тоюттарды жана тоют кошулмаларын жана ветеринардык көзөмөл контролдугуна алынган башка товарларды (жүктөрдү) кароого;

9) ветеринария жагынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулгандыгы жөнүндө протокол түзүүгө жана аларды четтетүү жөнүндө көрсөтмө берүүгө, токтомдорду кабыл алууга жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жаза чараларды колдонууга, ветеринария жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте сотто доо коюуга, ошондой эле мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдөгү жаныбарларды жана азыктарды алып кирүүгө (импорттоого), алып чыгууга (экспорттоого) уруксат берүү же тыюу салуу боюнча арыз ээлерине 10 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө жүйөлүү жооп берүүгө;

10) (КР 2017-жылдын 24-майындагы № 89 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);

11) үлгүсү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген формалык кийимдерди кийүүгө.

(КР 2017-жылдын 24-майындагы № 89, 2023-жылдын 4-августундагы № 163 , 2024-жылдын 29-июлундагы № 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-20)
