# 18-берене. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл объекттери

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 175 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июля 2024 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О ветеринарии", "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/230016224)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205396#diff=1278754..19302>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5162/edition/1278750/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205396/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 18-берене (29.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-18

---

Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлгө кирген объекттер (мындан ары - ветеринардык көзөмөл объекттери) болуп төмөнкүлөр саналат:

1) фермалар, мал чарбачылыгы, жырткыч чарбачылыгы, балык чарбачылыгы, балчылык чарбачылыгы;

2) жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо жана сатуу боюнча объекттер, ошондой эле коомдук тамактануу пункттары;

3) тоюттарды жана тоют кошулмаларын, ветеринардык дары каражаттарын, биологиялык препараттарды өндүрүү, даярдоо, сактоо жана сатуу боюнча объекттер;

4) темир жол жана автомобиль бекеттери, аэропорттор, мамлекеттик чек ара аркылуу транспорт каражаттарын, жаныбарларды, жаныбарлардан алынган продуктулар менен чийки заттарды өткөрүүчү жерлер;

5) малды ташуу, айдап өтүү трассалары, жайыт участоктору жана коктулар;

6) жарандардын жеке көмөкчү чарбалары;

7) ветеринардык эсепке алуу жана отчеттуулук боюнча документтер, ветеринардык күбөлүктөр, тастыктамалар, маалымдамалар, ветеринардык-санитардык корутунду, экспертиза актысы жана ветеринария жаатындагы башка ченемдик-техникалык документтер;

8) эпизоотиядан өлгөн же анын таралып кетишин алдын алуу тартибинде союлган айыл чарба жана үй жаныбарларынын өлүктөрүн кемүү үчүн бөлүнүп берилген (мал көмүлгөн жайлар) жайлар;

9) мал, малдын жыныстык жана соматикалык клеткалары;

10) малдын ылаңдарынын козгогучтары жана штаммдар;

11) жеке жана юридикалык жактардын ветеринария чөйрөсүндөгү ишмердиги.

(КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-19)
