17-берене. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл
Күчүндө · 29.07.2024 редакциясы · 4-глава
1. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл - бул ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн Кыргыз Республикасынын ветеринария жагындагы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, табуу жана жоюу аркылуу ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыздоого багытталган иши.
2. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл мал чарбачылыгынын продуктуларын жана чийки затын, ветеринардык дары каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын өндүрүүгө, сактоого, ташууга, кайра иштетүүгө жана сатууга, ошондой эле алып келинген, ташып чыгарылган жана Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен ташылып өтүүчү мамлекеттик ветеринардык көзөмөл алдындагы товарларга жана жүктөргө карата жүргүзүлөт.
3. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдүн милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ветеринардык-санитардык жагдайды иликтөө жана ага баа берүү, жаныбарлардын жугуштуу жана жугуштуу эмес ылаңдарынын, анын ичинде адамдардын жана жаныбарлардын жалпы илдеттердин, ошондой эле тамак-аштан уулануулардын пайда болуу жана таралып кетүү себептерин жана шарттарын табуу;
2) жугуштуу жана жугуштуу эмес ылаңдардын козгоочуларын алып кирүүдөн жана жайылтуудан Кыргыз Республикасынын аймактарын коргоо боюнча ветеринардык иш-чараларды контролдоо;
3) адаттан тышкаркы факторлордун, табигый жана техногендик апааттардын зыян келтирүүчү таасиринен жаныбарларды коргоо боюнча ветеринардык иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
4) жаныбарларды айдоону жана аларды ташууну, жаныбарлардан алынган азыктарды жана чийки заттарды жерде жүрүүчү, аба жана темир жол транспорту менен ташууну контролдоо;
5) ветеринардык биологиялык препараттарды өндүрүү жана сактоо боюнча ветеринардык лабораторияларда, илим-изилдөө институттарында жана ишканаларда микроорганизмдердин штаммдарын сактоо режиминин сакталышын контролдоо;
6) мал чарбачылыгын жүргүзүүдө, жаныбарларды багууда, мал чарбачылыгынын продуктуларын өндүрүүдө, сактоодо, ташууда, кайра иштетүүдө жана сатууда милдеттүү түрдө аткарылышы үчүн ветеринардык ченемдерди жана эрежелерди, башка ченемдик актыларды иштеп чыгуу.
(КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 29.07.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Айыл Чарба Министирлигинин 2023-жылдын 06-июнундагы № 223-ни "Ветеринария жаатындагы мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү маселелери жөнүндө" буйругуПриказ · 06.06.2023 · № 223-ни
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- 2017-жылдын 29-июнундагы № 412 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук…Постановление · 29.06.2017 · № 412 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205396/st-17" title="17-берене - Ветеринария жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>