# 16-берене. Жергиликтүү жамааттын, коомдук уюмдардын, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын жаныбарлардын ден соолугун коргоого жана калкты кабардар кылууга катышуусу

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 175 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5162/edition/1278750/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205396/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 16-берене (29.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-16

---

Жергиликтүү жамааттар, коомдук уюмдар жана аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн уставдык максаттарына ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жаныбарлардын соолугун сактоону жана эпизоотиялык бакубаттуулукту камсыз кылуу жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана турмушка ашырууга катышууга;

2) ветеринардык-санитардык жана алдын алуу иш-чараларынын, чектөөчү жана коргоо-карантиндик иш-чаралардын аткарылышына көмөктөшүүгө;

3) социалдык мобилизациялоого жана эпизоотиялык кырдаал тууралуу калкка маалымдоого катышууга;

4) жаныбарлардын соолугун коргоо боюнча улуттук жана жергиликтүү пландарды даярдоого жана ишке ашырууга катышууга.

(КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-17)
