# 15-берене. Социалдык мобилизациялоо жана калкка эпизоотиялык кырдаал жөнүндө кабарлоо

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 175 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5162/edition/1278750/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205396/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 15-берене (29.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-15

---

1. Социалдык мобилизациялоо жана калкка кабарлоо жугуштуу жана жугуштуу эмес ылаңдардын жайылышын четтетүү, жаныбарларды кармоо жана багуу маселелеринде маалымдар болууну жана билимдерди арттыруу, адамдардын жана жаныбарлардын жалпы илдеттеринин (дарттарынын) пайда болуу тобокелдиктерин азайтуу максатында жаныбарлардын ден соолугун сактоо жана коомдук саламаттыкты сактоо маселелери боюнча тиешелүү органдар тарабынан жүргүзүлөт.

2. Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, саламаттык сактоо органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эпизоотиялык кырдаалдын өзгөрүшү жана көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле киргизилип жаткан чектөө иш-чаралары жөнүндө калкка өз убагында кабарлайт.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-16)
