# 13-берене. Кыргыз Республикасынын аймагын ветеринардык-санитардык жактан коргоо

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 175 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственного контроля в пунктах пропуска на Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112656)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственного контроля в пунктах пропуска на Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112656); 29.03.2019 [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205396#diff=1278753..1278754>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5162/edition/1278750/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205396/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 13-берене (29.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-13

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагын коргоо жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарын козгогучтарды, жаныбарлар менен өсүмдүктөрдөн алынган, тамак-аш жана биологиялык коопсуздуктун талаптарына жооп бербеген продуктуларды анын аймагына алып келүүгө жана жайылтууга жол бербөө максатында жүргүзүлөт.

2. Кыргыз Республикасынын аймагын ветеринардык-санитардык коргоо мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрмө пункттарда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бажылык жол-жоболоштуруу орундарында уюштурулат.

Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында ветеринардык-санитардык коргоону жүргүзүү тобокелдиктерди башкаруу тутумун колдонуу менен "бир терезе" принциби боюнча жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында тобокелдиктерди башкаруу тутумун колдонуу менен "бир терезе" принциби боюнча ветеринардык-санитардык коргоону жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдү жүргүзүүдө электрондук формадагы маалыматтык өз ара аракеттенүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Чек аралык ветеринардык контролдун мамлекеттик ветеринардык инспекторлорунун жумуш орду бажы контролунун зонасында болот.

4. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлгө алынуучу товарларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү алар милдеттүү ветеринардык контролдон өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик ветеринардык инспекторунун уруксаты боюнча жүзөгө ашырылат.

5. Ветеринардык көзөмөлгө алынуучу товарлардын тизмеги Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык белгиленет.

(КР 2019-жылдын 29-мартындагы № 40, 2023-жылдын 4-августундагы № 163 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-14)
