# 12-берене. Эпизоотияга каршы иш-чаралар

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 175 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственного контроля в пунктах пропуска на Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112656)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственного контроля в пунктах пропуска на Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112656); 02.07.2015 [Закон КР от 2 июля 2015 года № 142 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111185)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205396#diff=1278753..1278754>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5162/edition/1278750/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205396/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 12-берене (29.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-12

---

1. Эпизоотияга каршы иш-чаралар жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын, жапырт ууланууларынын пайда болушунун, таркап кетишинин алдын алуу жана аларды жоюу максатында жүргүзүлөт.

2. Өзгөчө коркунучтуу ылаңдардын тизмегине киргизилген жаныбарлардын ылаңдарына каршы эпизоотияга каршы иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлөт.

3. Эпизоотияга каршы алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө иштеп жаткан аккредиттелген диагностикалык лабораториялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чектеринде чарбакер субъектилердин ветеринардык түзүмдөрү, жаныбарлардын ээлери жана келишимдик негизде жеке ветеринардык иш жүргүзгөн адамдар тартылышат.

4. Эпизоотияга каршы алдын алуу иш-чараларынын аткарылышына контролдук ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

(КР 2015-жылдын 2-июлундагы № 142, 2023-жылдын 4-августундагы № 163 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-13)
