# 11-берене. Жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продуктулардын лабораториялык диагностикасы жана ветеринардык-санитардык экспертизасы

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 175 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5162/edition/1278750/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205396/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 11-берене (29.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-11

---

1. Лабораториялык диагностика жана ветеринардык-санитардык экспертиза Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредиттелген ветеринардык лабораторияларда жүргүзүлөт.

2. Жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продуктулар аларды пайдалануунун коопсуздугун аныктоо максатында милдеттүү түрдө ветеринардык-санитардык экспертизадан өтүүгө тийиш.

3. Ветеринардык-санитардык экспертизаны уюштуруу жана аны жүргүзүү тартиби, жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продукцияны тамак-аш максаттарында пайдалануу шарттары тамак-аш коопсуздугу боюнча техникалык регламенттер менен аныкталат.

4. Изилдөөнүн натыйжалары боюнча шарттуу түрдө жарактуу деп таанылган жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган азыктар зыянсыздандырууга, кайра иштетилүүгө тийиш, ал эми ветеринардык-санитардык экспертизадан өтпөгөндөр мыйзамдарда белгиленген тартипте конфискацияланууга, утилдештирилүүгө тийиш.

5. Шарттуу түрдө жарактуу же конфискацияланууга жатат деп таанылган продуктуларды зыянсыздандыруу, кайра иштетүү, утилдештирүү менен байланышкан жоготууларды жана чыгымдарды алардын ээси тартат.

---

Мурунку берене: [10-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-10-1)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-12)
