# 10-1-берене. Ветеринардык-санитардык мониторинг жүргүзүү

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 175 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-10-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5162/edition/1278750/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 10-1-берене (29.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-10-1

---

1. Ветеринардык-санитардык мониторинг төмөнкүдөй максаттарда жүргүзүлөт:

1) ветеринария жаатындагы мамлекеттик программаларды жана стратегияларды иштеп чыгуу, ошондой эле алардын ишке ашырылуусуна баа берүү;

2) эпизоотиялык бакубаттуулукту жана ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү;

3) жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продуктулардын, ветеринардык дары каражаттарынын, тоюттардын, тоют кошулмаларынын жана ветеринардык контролго жана көзөмөлгө алынууга тийиш болгон башка товарлардын коопсуздугун контролдоо.

2. Ветеринардык-санитардык мониторинг жүргүзүү эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

(КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-10)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205396/st-11)
