# 8-берене. Тарифтик преференциялар жана тарифтик квоталар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205395)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 30-декабрындагы № 173 "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 173
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112430)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 декабря 2018 года № 108 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном тарифе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111852)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205395#diff=1193084..1193085>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205395/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5161/edition/1193084/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205395/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө, 8-берене (01.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205395/st-8

---

1. Кыргыз Республикасы 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимде каралган талаптарга ылайык тарифтик преференцияларды төмөнкүдөй түрдө берет:

1) Кыргыз Республикасы менен бирге эркин соода зонасын түзгөн же болбосо ушундай зона түзүү максатында макулдашууга кол койгон мамлекеттерден чыгарылган жана ташып келинген товарларга карата бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу;

2) Евразия экономикалык бирлигинин тарифтик преференцияларынын бирдиктүү тутумун колдонгон өнүгүп жаткан же эң аз өнүккөн мамлекеттерден чыгарылган товарларга карата ташып келүү бажы алымдарынын коюмдарын төмөндөтүү.

2. Эгерде окшош товарлар Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында өндүрүлсө (казып алынса, өстүрүлсө), үчүнчү өлкөлөрдө чыгарылып, Кыргыз Республикасына ташып келинүүчү айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнө карата тарифтик квота түрүндө ташып келүүнү жөнгө салуу чараларын колдонууга жол берилет. Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына тарифтик квотанын белгиленген көлөмүнүн чегинде ташып келинген көрсөтүлгөн товарларга карата Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү бажы тарифинин ташып келүү бажы алымдарынын тиешелүү коюмдары колдонулат.

3. Ташып келинген товарларга карата тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосундагы тарифтик квоталардын көлөмү, аларды бөлүштүрүү усулу жана тартиби, ошондой эле зарыл болгондо, үчүнчү өлкөлөрдүн ортосунда тарифтик квоталарды бөлүштүрүү Евразия экономикалык бирлигинин комиссиясы же болбосо Евразия экономикалык бирлигинин комиссиясынын чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

4. Ички керектөө үчүн тарифтик квоталардын алкагында Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып келүү Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү лицензиялардын негизинде жүзөгө ашырылат.

(КР 2018-жылдын 24-декабрындагы N 108 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205395/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205395/st-9)
