# 4-берене. Бажы алымдарынын коюмдары жана аларды белгилөөнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205395)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 30-декабрындагы № 173 "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 173
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112430)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.03.2019 [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884); 24.12.2018 [Закон КР от 24 декабря 2018 года № 108 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном тарифе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111852)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205395#diff=1193085..1193086>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205395/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5161/edition/1193084/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205395/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө, 4-берене (01.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205395/st-4

---

1. Бажы алымдарынын коюмдары бирдиктүү болуп саналат жана ушул Мыйзам менен каралган учурларды кошпогондо, Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөргөн жактарга, бүтүмдөрдүн түрлөрүнө жана башка факторлорго жараша өзгөртүүгө жатпайт.

2. 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимде каралган талаптарга ылайык тарифтик преференцияларды берүү учурларын кошпогондо, соода-саясий мамилелер көбүрөөк ыңгайлуулук режимин караган өлкөлөрдөн чыгарылган, соода-саясий мамилелер көбүрөөк ыңгайлуулук режимин карабаган өлкөлөрдөн чыгарылган товарларга карата Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү бажы тарифинин ташып келүү бажы алымдарынын коюмдары колдонулат.

Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттеринин эл аралык келишимдери жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери менен каралган учурларды кошпогондо, чыгарылган өлкөсү белгиленбеген товарларга карата Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү бажы тарифинин ташып келүү бажы алымдарынын коюмдары колдонулат.

3. Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан ташып кетүүчү товарларга карата айрым учурларда ташып кетүү бажы алымдары колдонулушу мүмкүн.

4. Ташып кетүү бажы алымдары колдонулган ташып кетүү бажы алымдарынын коюмдары жана товарлардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2018-жылдын 24-декабрындагы N 108, 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205395/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205395/st-5)
