4-берене. Бажы алымдарынын коюмдары жана аларды белгилөөнүн тартиби
Күчүн жоготкон · 01.11.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 марта 2019 года № 40
1. Бажы алымдарынын коюмдары бирдиктүү болуп саналат жана ушул Мыйзам менен каралган учурларды кошпогондо, Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөргөн жактарга, бүтүмдөрдүн түрлөрүнө жана башка факторлорго жараша өзгөртүүгө жатпайт.
2. 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимде каралган талаптарга ылайык тарифтик преференцияларды берүү учурларын кошпогондо, соода-саясий мамилелер көбүрөөк ыңгайлуулук режимин караган өлкөлөрдөн чыгарылган, соода-саясий мамилелер көбүрөөк ыңгайлуулук режимин карабаган өлкөлөрдөн чыгарылган товарларга карата Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү бажы тарифинин ташып келүү бажы алымдарынын коюмдары колдонулат.
Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттеринин эл аралык келишимдери жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери менен каралган учурларды кошпогондо, чыгарылган өлкөсү белгиленбеген товарларга карата Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү бажы тарифинин ташып келүү бажы алымдарынын коюмдары колдонулат.
3. Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан ташып кетүүчү товарларга карата айрым учурларда ташып кетүү бажы алымдары колдонулушу мүмкүн.
4. Ташып кетүү бажы алымдары колдонулган ташып кетүү бажы алымдарынын коюмдары жана товарлардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
(КР 2018-жылдын 24-декабрындагы N 108, 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 01.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 декабря 2018 года № 108 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном тарифе Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
29.03.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…бажы тарифинин ташып келүү бажы алымдарынын коюмдары колдонулат.
3. алынып салынды: Кыргыз Республикасынын кошулду: Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан ташып кетүүчү товарларга карата айрым учурларда ташып … Өкмөтү тарабынан белгиленет.
(КР 2018-жылдын 24-декабрындагы N алынып салынды: 108 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 108, 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205395/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>