# 1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205395)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 30-декабрындагы № 173 "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 173
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112430)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 декабря 2018 года № 108 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном тарифе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111852)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205395#diff=1193084..1193085>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205395/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5161/edition/1193084/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205395/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө, 1-берене (01.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205395/st-1

---

1. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн негизги түшүнүктөр төмөнкү маанилерде пайдаланылат:

бажы алымы - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын бирдиктүү эсебине чегерилүүгө жана бөлүштүрүүнүн белгиленген ченемдерине ылайык Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда бөлүштүрүлүүгө жаткан, товарларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө байланыштуу жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерине жана (же) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган башка учурларда бажы органдары тарабынан алынуучу милдеттүү төлөм; (абзац КР 2018-жылдын 24-декабрындагы N 108 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) сезондук алымдар - убакыттын белгилүү бир мезгилине товарларды ташып келүүнү жана ташып кетүүнү ыкчам жөнгө салуу үчүн белгиленген бажы алымынын түрү.

2. Ушул Мыйзамда башка түшүнүктөр Евразия экономикалык бирлигинин бажы чөйрөсүндөгү укугун түзүүчү эл аралык келишимдери жана актылары, Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары менен аныкталган маанилерде пайдаланылат.

(КР 2018-жылдын 24-декабрындагы N 108 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205395/st-2)
