# 282-7-берене. Товарларды экспорттоодо беримдердин салык салынуучу наркын аныктоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205389)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 167
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205389/st-282-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5155/edition/1119954/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, 282-7-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205389/st-282-7

---

1. Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, товарларды экспорттоодо беримдердин салык салынуучу наркы тараптар тарабынан колдонулган баалардын жана тарифтердин бүтүмүнө жараша, сатылган товарлардын наркынын негизинде аныкталат.

2. Каржылык ижара (лизинг) келишими боюнча товарларды (лизинг предметтерин) экспорттоодо беримдердин салык салынуучу наркы ар бир лизинг төлөмүн алган датага карата каржылык ижара (лизинг) келишиминде каралган товардын (лизинг предметинин) алгачкы наркынын бир бөлүгүнүн, бирок иш жүзүндө алынган төлөмдүн суммасынан көп эмес өлчөмүндө аныкталат.

Мында товардын (лизинг предметинин) алгачкы наркы деп пайыздык кирешени эсепке албастан келишимде көрсөтүлгөн лизинг предметинин наркын түшүнүү зарыл.

3. Зайымды товарлар түрүндө берүүнү караган келишим (макулдашуу) боюнча товарларды экспорттоодо салык салынуучу беримдердин наркы, келишимде (макулдашууда) каралган өткөрүлүүчү (берилүүчү) товарлардын наркы катары аныкталат. Келишимде (макулдашууда) наркы жок учурда салык салынуучу беримдердин наркы товарды коштоочу документтерде көрсөтүлгөн нарк катары, келишимдерде (макулдашууларда) жана товарды коштоочу документтерде наркы жок учурда - бухгалтердик эсеп чагылдырылган товарлардын наркы катары аныкталат.

4. Товарларды экспорттоодо беримдердин салык салынуучу наркын оңдоо ушул Кодекстин 266-беренесинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [282-6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205389/st-282-6)  
Кийинки берене: [282-8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205389/st-282-8)
