Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
282-6-берене. Товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, салык салынуучу импорттун беримдеринин датасы
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
1. Товарларды экспортко берүүдө КНСти эсептөө максатында товарларды сатып алуучуга (биринчи ташып жеткирүүчүгө) жол-жоболоштурулган товарлардын жүктөп жөнөтүлгөндүгүн тастыктаган баштапкы бухгалтердик (эсептик) документтер түзүлгөн убакыт боюнча биринчи дата катары аныкталуучу жүктөп жөнөтүлгөн дата товарлардын беримдеринин датасы болуп эсептелет.
2. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, салык төлөөчү импорттолгон товарларды, анын ичинде аларды даярдоо тууралуу келишим (макулдашуу) боюнча жумуштарды аткаруунун жыйынтыгы болуп саналган товарларды, ошондой эле зайымды иштетүүгө берилген кайра иштетүүчү продуктылар түрүндө берүүгө каралган келишим (макулдашуу) боюнча алынган товарлар эсепке алынган дата импорттоодо КНС боюнча салык милдеттенмелеринин датасы болуп эсептелет.
3. Ушул главанын максаты үчүн импорттолгон товарлардын эсепке алынган датасы болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) финансы отчетунун эл аралык стандартына же бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык бухгалтердик эсепке алууда мындай товарларды таануу (чагылдыруу) даталарынын эң мурдагысы;
2) мындай товарлардын Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген датасы.
Салык төлөөчүдө ушул бөлүктүн 1- жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн эки дата болгон учурда, көрсөтүлгөн даталардын эң кийинкиси импорттолгон товарларды эсепке алуу датасы болуп таанылат.
4. Ушул берененин 2 жана 3-бөлүгүнүн максаттары үчүн төмөндөгүлөр Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып келүү датасы болуп саналат:
1) аба кемелери аркылуу товарларды ташууда - Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан аэропортко ташып келинген дата;
2) эл аралык автомобиль каттамында товарларды ташууда - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өткөн дата.
Мында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өткөн дата Кыргыз Республикасынын чөк ара органдарынын аймактык бөлүмчөлөрү тарабынан берилүүчү мамлекеттик контролдон өткөндүгү тууралуу документтин негизинде аныкталат. Мамлекеттик контролдон өткөндүгү тууралуу документти берүү формасы жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет;
3) товарларды эл аралык жана мамлекеттер аралык каттамда темир жол транспорту менен ташууда - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген чек арага чектеш биринчи өткөрмө пунктуна ташып киргизилгендеги дата;
4) магистралдык өткөргүч түтүк тутуму боюнча же электр берүү линиясы боюнча товарларды ташууда - товарларды өткөрүп берүү пунктуна ташып кирген дата;
5) товарларды эл аралык почта аркылуу жөнөтүүдө - Кыргыз Республикасынын почта жөнүндө мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына почта штемпели коюлган дата.
Кыргыз Республикасынын аймагына товарлардын ташып келинген датасы жөнүндө маалымат жок учурда, импорттолгон товарларды эсепке алуу датасы болуп ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн дата эсептелет. Товарларды бухгалтердик эсепке алуу таанылбаганда (чагылдырылбаганда), Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык импорттолгон товарларды эсепке алуу датасы болуп ушул берененин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн дата эсептелет.
5. Ушул берененин 2-4-бөлүктөрүндө көрсөтүлбөгөн башка учурларда, импорттолгон товарларды эсепке алуу датасы мындай товарларды алгандыгын (же сатып алгандыгын) ырастаган документтин көчүрүлгөн датасы боюнча аныкталат. Мында, товарлардын жеткирилгендигин ырастаган документ болгондо, импорттолгон товарларды эсепке алуу датасы болуп, ташып жеткирүүчү тарабынан сатып алуучуга товарлардын өткөрүлүп берилген датасы эсептелет.
6. Лизинг алуучуга бул товарларга болгон менчик укугунун өтүшүн караган каржылык ижара (лизинг) келишими боюнча Бажы бирлигине башка мүчө - мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына лизингдин предмети болуп саналган товарларды импорттоодо салык милдеттенмесинин пайда болгон датасы болуп иш жүзүндөгү өлчөмүнө жана төлөм жүргүзүлгөн датага карабастан, каржылык ижара (лизинг) келишиминде каралган пайыздык кирешени эсепке албастан бул товарлардын наркынын бир бөлүгү төлөнгөн дата болуп эсептелет.
Эгерде, каржылык ижара (лизинг) келишими боюнча товарлардын наркынын бир бөлүгүн төлөө мөөнөтү башталган дата товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген датага чейин белгиленсе, лизинг предмети болуп саналган товарларды импорттоодо КНС боюнча салык милдеттенмелеринин пайда болушунун алгачкы датасы болуп алар эсепке алынган дата эсептелет. Эгерде, каржылык ижара (лизинг) келишиминде каралган лизинг төлөмү лизинг алуучу тарабынан мөөнөтүнөн мурда төлөнсө, анда лизинг предмети болуп саналган товарларды импорттоодо КНС боюнча салык милдеттенмелеринин пайда болушунун акыркы датасы болуп ошол каржылык ижара (лизинг) келишими боюнча акыркы эсептешүү датасы эсептелет.
7. Эгерде ушул бөлүктө башкача каралбаса, жумуштардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдеринин датасы болуп, жумуштарды аткарууну жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү аяктаган күн эсептелет.
Жумуштарды аткаруунун жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү аяктаган дата болуп жумуштардын аткарылган жана/же кызмат көрсөтүлгөн фактыны тастыктаган документке кол коюлган дата таанылат. Эгерде жумуштардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн берими узак убакыт ичинде (бир жылдан ашык) ишке ашырылса, анда беримдердин датасы ушул Кодекстин 234-беренесине ылайык аныкталат.
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205389/st-282-6" title="282-6-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>