# 282-4-берене. Товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдери, экспорт жана салык салынуучу импорт

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205389)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 167
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205389/st-282-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5155/edition/1119954/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, 282-4-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205389/st-282-4

---

1. Бажы бирлигинде товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдери ушул Кодекстин 232-беренесине ылайык аныкталат.

2. Кыргыз Республикасынын аймагынан Бажы бирлигине башка мүчө - мамлекеттин аймагына товарларды экспорттоо беримдер болуп саналат.

3. Бажы бирлигинде салык салынуучу импорт болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Ушул Кодекстин 282-14-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык КНСтен бошотулгандарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү же ташылып кетүүчү товарлар.

Ушул бөлүк Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында мамлекеттик каттоого жатуучу ташылып келүүчү же ташылып кетүүчү транспорт каражаттарына карата да колдонулат;

2) Бажы бирлигине башка мүчө-мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген иштетүүгө берилген сырьенун кайра иштетүүчү продуктылары болуп саналган товарлар.

---

Мурунку берене: [282-3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205389/st-282-3)  
Кийинки берене: [282-5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205389/st-282-5)
