# 282-18-берене. Бажы бирлигиндеги комиссиянын келишимдери, тапшырмалар, агенттик келишим боюнча Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо КНСти эсептөө жана төлөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205389)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 167
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205389/st-282-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5155/edition/1119954/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, 282-18-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205389/st-282-18

---

1. Комиссионер, ишеним берилген өкүл, агент тарабынан комиссиянын келишимдеринин, тапшырмалардын, агенттик- келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагына товарлар ташылып келгенде импорттолгон товарлар боюнча бюджетке КНСти эсептөө жана төлөө милдеттенмеси комиссионерге, ишеним берилген өкүлгө, агентке жүктөлөт.

Мындай учурда Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон товарлар боюнча комиссионер, ишеним берилген өкүл, агент тарабынан төлөнгөн КНСтин суммасы ушул Кодекстин 40-главасына ылайык комиссионер, ишеним берилген өкүл, агент тарабынан кириштелүүгө жатат.

2. Товарлардын беримдери, комиссионер, ишеним берилген өкүл, агент тарабынан жумуштардын аткарылышы же кызматтардын көрсөтүлүшү ушул Кодекстин 233-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык берим деп таанылат.

3. Комиссиянын келишимдеринин, тапшырмалардын, агенттик келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагына товарлар ташылып келгенде импортко салык салуунун жасалган датасы импорттолгон товарлардын комиссионер, ишеним берилген өкүл, агент тарабынан эсепке алган дата болуп саналат.

Ушул бөлүктүн максаттары үчүн эсепке алуу датасы болуп товарлардын берилгендигин ырастаган комиссионердин, ишеним берилген өкүлдүн, агенттин дарегине комитент, ишеним көрсөтүүчү, принципал тарабынан түзүлгөн биринчи документтин датасы саналат.

---

Мурунку берене: [282-17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205389/st-282-17)  
Кийинки берене: [282-19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205389/st-282-19)
