# 282-16-берене. КНСтин эсеп-фактурасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205389)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 167
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205389/st-282-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5155/edition/1119954/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, 282-16-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205389/st-282-16

---

1. КНСтин эсеп-фактураларын жазып берүүнүн тартиби, эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, ушул Кодекстин 282-беренесине ылайык аныкталат.

2. Кайра иштетилүүчү продукттарды башка мамлекеттин аймагына кийин ташып кетүү менен, Бажы бирлигине башка мүчө - мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинип иштетүүгө берилген сырьену кайра иштетүү боюнча жумуштар аткарылган учурда, эсеп-фактура иштетүүгө берилген сырьену кайра иштетүү боюнча жумуштардын аткарылгандыгын ырастаган документке кол коюлган датага карата жазылат.

3. Бажы бирлигине башка мүчө - мамлекеттин лизинг алуучусу - салык төлөөчүсү алууга жаткан Кыргыз Республикасынын лизинг берүүчүсү - салык төлөөчүсү тарабынан товарларды лизингге берүүдө, эсеп-фактура лизингдин келишиминде каралган пайыздык кирешени эсепке албастан ар бир лизингдик төлөмдүн датасына карата, бирок иш жүзүндө алынган төлөмдүн суммасынан көп эмес жазылат.

Кыргыз Республикасынын лизинг берүүчүсүнүн - салык төлөөчүсүнүн пайыздык кирешесинин суммасы эсеп-фактурасында өзүнчө сап менен белгилениши керек.

---

Мурунку берене: [282-15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205389/st-282-15)  
Кийинки берене: [282-17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205389/st-282-17)
