# 282-14-берене. Бажы бирлигинде КНСтен бошотулган беримдер жана импорт

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205389)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 167
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205389/st-282-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5155/edition/1119954/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, 282-14-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205389/st-282-14

---

1. КНСтен төмөнкүдөй беримдер бошотулат:

1) ушул Кодекстин 38-главасында көрсөтүлгөн жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр, эгерде алардын ишке ашырылган жери Кыргыз Республикасы болуп саналса;

2) Кыргыз Республикасынын аймагына Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттин аймагынан ташылып келинген товарды оңдоо боюнча, аны калыбына келтирүүнү, курамдык бөлүктөрүн алмаштырууну кошкондо, көрсөтүлүүчү кызматтар.

Ушул Кодекстин 38-главасында каралган документтер, ушул пунктта көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү тастыктоочу документтер болуп саналат.

2. Төмөнкүдөй товарлардын импорту КНСтен бошотулат:

1) ушул Кодекстин 38-главасы менен каралган;

2) келишимде (макулдашууда) каралган кепилденген тейлөөнүн алкагында импорттолгон.

3. Кыргыз Республикасынын аймагына мурда ташылып келинген товарларды пайдалануу учурунда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык импортко КНСтен бошотуу берилгендерге караганда башка максаттарда, мындай товарларды импорттоо боюнча КНС ушул Кодекстин 40-главасында белгиленген мөөнөттө төлөнөт.

4. Кыргыз Республикасынын лизинг алуучусу-салык төлөөчүсү тарабынан Бажы бирлигине башка мүчө - мамлекеттин лизинг берүүчүсүнө каржылык ижара келишими боюнча төлөнгөн пайыздык киреше КНСтен бошотулат.

---

Мурунку берене: [282-13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205389/st-282-13)  
Кийинки берене: [282-15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205389/st-282-15)
