# 282-11-берене. Бажы бирлигинде эл аралык ташууларга салык салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205389)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 167
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205389/st-282-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5155/edition/1119954/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, 282-11-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205389/st-282-11

---

1. Ушул беренеде башкача белгиленбесе, Бажы бирлигинде эл аралык ташууларга салык салуу ушул Кодекстин 262-беренесине ылайык жүргүзүлөт.

2. Бажы бирлигинде магистралдык өткөрмө түтүктөрдүн тутуму боюнча экспорттолуучу же импорттолуучу товарларды ташуу, эгерде ташууларды жол-жоболоштуруу экспорттолуучу же импорттолуучу товарларды Бажы бирлигинин аймагындагы сатып алуучуга чейин көрсөтүлгөн товарларды андан аркы жеткирүүнү ишке ашырган сатып алуучуга же башка адамдарга өткөрүп берилүүсүн тастыктаган документтер менен ишке ашырылса, эл аралык деп эсептелет.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн максаттары үчүн тастыкталуучу документтердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

4. Бажы бирлигине бир мүчө - мамлекеттин аймагынан Бажы бирлигинин ушул эле же Бажы бирлигине башка мүчө - мамлекеттин аймагына Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу магистралдык өткөрмө түтүктөрдүн тутуму боюнча жүктөрдү эл аралык ташууну ырастаган документтердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [282-10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205389/st-282-10)  
Кийинки берене: [282-12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205389/st-282-12)
