# 282-1-берене. Жалпы жоболор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205389)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 167
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205389/st-282-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5155/edition/1119954/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, 282-1-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205389/st-282-1

---

1. Ушул главанын жоболору Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин өз ара соодасында кызмат көрсөтүүлөрдө, товарларды экспорттоодо жана импорттоодо, жумуштарды аткарууда КНС салыгын салууну жөнгө салат.

2. Эгерде ушул глава менен ушул Кодекстин башка главаларында камтылгандан башка товарларды экспорттоодо жана импорттоодо, жумуштарды аткарууда, кызмат көрсөтүүлөрдө КНС салыгын салуунун башка ченемдери белгиленсе, ушул главанын ченемдери колдонулат.

3. Ушул главада колдонуулучу түшүнүктөр Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн, Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимдерде каралган.

4. Ушул главада төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:

1) "Товарды коштоочу документтер" - эл аралык автомобилдик коштомо кагаз, темир жол транспорттук коштомо кагаз, товардык-транспорттук коштомо кагаз, бирдиктүү үлгүдөгү коштомо кагаз, жүк ведомосту, почта ведомосту, жүк квитанциясы, авиа коштомо кагазы, коносамент, өткөргүч түтүк транспорту менен жана электр берүү чубалгылары боюнча товарларды алып өтүүдө колдонулуучу документтер жана акциздик товарлардын айрым түрлөрүн алып өтүүдө колдонулуучу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын транспорт жөнүндө мыйзам актыларында жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган ташууларда товарларды жана транспорт каражаттарын коштоп жүрүүчү башка документтер; эсеп-фактуралар, спецификациялоолор, жүктөөчү жана таңгактоочу баракчалар, ошондой эле товарлар жөнүндө, анын ичинде товарлардын наркы жөнүндө маалыматтарды тастыктаган жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык колдонулуучу башка документтер;

2) "Товарлардын менчик ээси" - товарларга карата менчик укугуна ээ же товарларга карата менчик укугуна өтүү келишими (макулдашуу) менен каралган субъект.

5. Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин өз ара соодаларында кызмат көрсөтүүлөрдө, товарларды экспорттоодо жана импорттоодо, жумуштарды аткарууда КНСти тескөө салык кызматы органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

Эркин бажы аймагынын же бош кампанын бажы жол-жоболоруна ылайык жайгаштырылган товарлар боюнча КНСти тескөө бажы органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205389/st-1)  
Кийинки берене: [282-2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205389/st-282-2)
