Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон Кыргызской Республики от 6 марта 2024 года № 69 "О наркотических средствах, психотропных веществах, их аналогах и прекурсорах"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-03-06.
КР 2024-жылдын 6-мартындагы № 69 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛАКСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 26-декабры № 166 «Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
«Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 316-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3-статья. Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө мыйзамдар Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчу заттар жана прекурсорлор жана аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана кыянаттык менен пайдаланууга каршы күрөшүү чаралары жөнүндө мыйзамдар ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден жана Кыргыз Республикасынын аларга карама-каршы келбеген ченемдик укуктук актыларынан турат.».
2.10-статьяда:
«Лицензиялоо жөнүндө» деген сөздөр «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» деген сөздөргө алмаштырылсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын: «Берилген лицензиялар жана уруксаттар жөнүндө маалыматтар жеткиликтүүлүгү чектелген маалымат болуп саналат.».
3. 12 жана 13-статьялар күчүн жоготту деп таанылсын.
4. 19-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«19-статья. Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетүү жана Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттөө Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетүү иштин ушул түрүнө лицензиясы (уруксаты) бар юридикалык жактар тарабынан жүзөгө ашырылат. Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду Бажы бирлигине кирбеген өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү жана ушул өлкөлөргө Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетүү Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарга ылайык берилүүчү лицензиянын негизинде жүзөгө ашырылат. Банги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду Бажы бирлигине мүчө-мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү жана баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду Кыргыз Республикасынын аймагынан Бажы бирлигине мүчө-мамлекеттерге алып кетүү Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарга ылайык берилүүчү уруксаттын негизинде жүзөгө ашырылат. Алып келүүгө жана алып кетүүгө берилген лицензия (уруксат) баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндө көрсөтүлгөн иштин түрүнө лицензиясы (уруксаты) бар экенине карабастан, башка юридикалык жакка берилиши мүмкүн эмес. Жүктүн ар бир партиясына баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду алып кетүүгө берилген лицензиянын (уруксаттын) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиркелет, ал алып келинүүчү өлкөнүн өкмөтүнө да жөнөтүлөт. Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттөө Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарга ылайык берилген лицензиянын (уруксаттын) негизинде юридикалык жактар тарабынан жүзөгө ашырылат. Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду транзиттөө шарттары Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык аныкталат. Жеке жактар баңги кылуучу каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын жана алардын прекурсорлорунун чектелген санын мындай каражаттардын жана заттардын аталышы жана саны көрсөтүлүүгө тийиш болгон тастыктоочу медициналык документтери болгондо, медициналык көрсөтмөсү боюнча дары-дармек түрүндө жеке колдонуу үчүн, ошондой эле прекурсорлорду жеке пайдалануу үчүн (коммерциялык максатта эмес) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде аныкталган көлөмдө Бажы бирлигинин аймагы боюнча ташууну жүзөгө ашырышат. Белгиленген тартипте алып келүүгө (алып кетүүгө) берилген лицензиялары (уруксаттары) жок Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген же Кыргыз Республикасынын аймагынан алынып кеткен баңги кьлуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор конфискациялоого жатат. Конфискацияланган баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду андан ары пайдалануу же жок кылуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Медициналык жана дарыкана мекемелери, уюмдары үчүн арналган, Улуттук тизмелерге киргизилген заттарды жана препараттарды камтыган гуманитардык жүктөрдү Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып келүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилген лицензиянын (уруксаттын) негизинде жүзөгө ашырылат.».
5. 20-статьяда:
1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик ташуу Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарга ылайык берилген лицензия (уруксат) болгондо гана жүзөгө ашырылат.»; 2-бөлүгүндө: «баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын» деген сөздөр алып салынсын; мамлекеттик тилдеги текстиндеги «уруксатысыз» деген сөз «уруксатсыз» деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө Келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндөЗакон · 06.03.2024 · № 69
- Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндөЗакон · 22.05.1998 · № 66 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндөЗакон · 06.03.2024 · № 69
- Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндөЗакон · 22.05.1998 · № 66 · Күчүн жоготкон