Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүндө · 25.12.2014 редакциясы
''Озон катмарын коргоо жөнүндө'" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 11, 974-ст.) төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статья төмөнкү мазмундагы он биринчи - он төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"корлор - товарлар: кор бөлүктөрдү жана жабдууларды кошпогондо, деңиз (дарыя) кемелерин, ички сүзүү кемелерин, "дарыя - деңиз" сүзүү кемелерин, суу астындагы канаттары бар кемелерди, аба жаздыгы бар кемелерди жана чакан кемелерди, анын ичинде өзү жүрүүчү жана өзү жүрбөгөн лихтерлер менен баржаларды (мындан ары - суу кемелери), аба кемелерин жана поезддерди бара жаткан жолдо же арадагы токтотуучу жайларда же болбосо токтотуучу жерлерде ойдогудай пайдаланууну жана техникалык тейлөөнү камсыз кылуу үчүн зарыл болгон; суу кемелеринин, аба кемелеринин бортундагы жүргүнчүлөр менен экипаждардын мүчөлөрү жана бул корлор сатыла тургандыгына же жоктугуна карабастан поезддерде жүргүнчүлөр жана поезд бригадаларынын кызматкерлери тарабынан керектөө үчүн арналган; суу кемелеринин, аба кемелеринин жүргүнчүлөрүнө жана экипаждарынын мүчөлөрүнө ал кемелердин бортунда көрсөтүлгөн корлорду керектөө максаты болбостон сатуу үчүн арналган.".
2. 4-статья төмөнкү мазмундагы жетинчи - он биринчи абзацтар менен толукталсын:
"озон катмарын коргоо жагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат; озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияны Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү же Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин аймагына Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып кетүү үчүн корутундуларды (уруксат документтерин) берүүнүн тартибин жана шарттарын, ошондой эле ал корутундулардын (уруксат документтеринин) колдонулушун токтотуунун тартибин жана шарттарын белгилейт; Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык озонду бузуучу заттарды керектөөнүн эң жогорку көлөмүн жана аларды пайдаланууну кыскартуунун же токтотуунун мөөнөттөрүн белгилейт; озон катмарынын мониторингин жүргүзүүнүн жана анын маалыматтарын пайдалануунун тартибин белгилейт; юридикалык жактар жана жеке ишкерлер тарабынан озонду бузуучу заттарды керектөөнүн эсебин жүргүзүүнүн тартибин, ошондой эле озонду бузуучу заттарды камтыган жабдууларды жана техникалык түзүлүштөрдү түгөлдөөнү жүргүзүү тартибин аныктайт;".
3. Мыйзам төмөнкү мазмундагы 91-статья менен толукталсын:
"91-статья. Бажы бирлигинин алкагында озонду бузуучу заттарды жана озонду бузуучу заттарды камтыган продукцияны ташуу Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2012-жылдын 16-августундагы № 134 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 1.1- жана 1.2-бөлүмдөрүнүн эскертүүлөрүндө көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, Евразия экономикалык коомдоштугунун алкагында үчүнчү өлкөлөр менен соодада Бажы бирлигине мүчө өлкөлөр ташып келишине же ташып кетишине тыюу салуулар же чектөөлөр колдонулган Товарлардын бирдиктүү тизмегинин 1.1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияны Бажы бирлигинин бажы аймагына ташып келүүгө жана Бажы бирлигинин бажы аймагынан ташып кетүүгө тыюу салынат.".
Берененин тексти 25.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Озон катмарын коргоо жөнүндөЗакон · 18.12.2006 · № 206
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205386/st-1" title="1-берене - Озон катмарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>