# Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 25-декабрындагы № 163 "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 25-декабрындагы № 163 "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 163
- Кабыл алынган күнү: 25.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.12.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205384>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5150/edition/604835/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205384.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 25-декабрындагы № 163 "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы (25.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205384

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 25-декабры № 163 "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205384/st-1)

"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 9, 407-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. Преамбулада:

3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Радиожыштык спектрин пайдаланууга жана башкарууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын байланыш тармагынын иштешине жана өз ара аракеттенишине болгон талаптар Кыргыз Республикасынын байланыш жаатындагы мыйзамдар менен белгиленет жана жөнгө салынат.". преамбула төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын: "Ушул Мыйзам продукцияга коюлган талаптарды иштеп чыгуу, кабыл алуу, колдонуу жана аткаруу жана/же продукцияларды долбоорлоо процесстерине (анын ичинде издөө), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, эксплуатациялоо жана утилдештирүү талаптары менен байланышкан учурларды кошпогондо, өнөр жай коопсуздугу жаатында ишти жузөгө ашырууга коюлган талаптарды, кооптуу өндүрүш объекттеринде технологиялык процесстердин коопсуздугун, электр энергетика тутумдарынын жана электр энергетика объекттеринин ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылууга коюлган талаптарды иштеп чыгуу, кабыл алуу, колдонуу жана аткаруу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салбайт.

2. 1-статьяда:

төртүнчү абзац төмөнкүдөй баяндалсын "техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) - юридикалык жак же жеке ишкер тарабынан продукцияга жана/же продукцияларды долбоорлоо процесстерине (анын ичинде издөө), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, эксплуатациялоо жана утилдештирүү талаптары менен байланышкан техникалык регламенттердин талаптарынын аткарылышын текшерүү жана текшерүунүн жыйынтыктары боюнча чараларды көрүү"; онунчу абзац күчүн жоготту деп таанылсын. он үчүнчү абзацта "мамлекеттик көзөмөл" деген сөздөр "'мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө)" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "контролдоо," деген сөз алып салынсын.

3. 2-, 4-статьяларда, 21-статьянын 1-пунктунда, 31-статьянын 2-пунктунда, 34-38 -статьялардын аталышында жана текстинде, 43-статьяда, 44-статьянын 2-пунктунун З-пунктчасында ар кандай жөндөмөлөрдөгү ''мамлекеттик көзөмөл" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. 3-статьянын 5-пунктунда "мамлекеттик көзөмөл" деген сөздөр ''мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

5. 11-статья төмөнкүдөй мазмундагы 1 - пункт менен толукталсын:

"11 Техникалык регламент Кыргыз Республикасыныи мыйзамдарында белгиленген тартипте ратификацияланган Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимине ылайык кабыл алынышы мүмкүн. Мындай техникалык регламенттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте иштелип чыгат, кабыл алынат жана жокко чыгарылат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ратификацияланган Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимине ылайык кабыл алынган техникалык регламент күчүнө киргенге чейин техникалык регламент ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык мыйзам же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен кабыл алынышы мүмкүн.".

6. VI-бөлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«VI-бөлүм. ТЕХНИКАЛЫК РЕГЛАМЕНТТЕРДИН ТАЛАПТАРЫНЫН САКТАЛЫШЫН МАМЛЕКЕТТИК КОНТРОЛДОО (КӨЗӨМӨЛДӨӨ)».

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205384/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш.Атамбаев
