1-берене
Күчүндө · 29.11.2014 редакциясы
"Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 752-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча:
ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Башкы штабы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Генералдык штабы" деген сөздөргө алмаштырылсын; ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "начальниги" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "башчысы" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. 6-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Куралдуу Күчтөр төмөнкүлөрдөн турат:
1) аскердик башкаруу органдарынан;
2) жөө аскерлер бирикмелеринен, бөлүктөрдөн жана мекемелерден (уюмдардан);
3) Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнөн;
4) Улуттук гвардиядан;
5) Чек ара кызматынан.
Аскердик башкаруу органдары, бирикмелери, бөлүктөрү жана мекемелери юридикалык жактын укуктарына ээ. Аскер комиссариаттары жергиликтүү аскердик башкаруу органдары болуп саналат.".
3. 15-беренеде:
1-бөлүгүндө: 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын; бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын: "5-1) аскер комиссариаттарынын иштерин, аскердик каттоону уюштурууну, жарандарды аскердик кызматка даярдоону, Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик, альтернативдик кызматка, аскердик (мобилизациялык) жыйындарга жана мобилизация боюнча чакырууну, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүдө аскердик-каттоо адистиктери боюнча аскердик-окутулган резервди түзүүнү жана топтоону камсыз кылат;"; 2-бөлүгүндө: 3-пункттагы "коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр "Куралдуу Күчтөрдүн" деген сөздөргө алмаштырылсын; бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын: "3-1) Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу, кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн чакыруу боюнча кызматтын аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарынан бошотуу жөнүндө буйрук чыгарат;".
Берененин тексти 29.11.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 242
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205382/st-1" title="1-берене - Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>