# КР 2014-жылдын 29-ноябрындагы № 161 "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 29-ноябрындагы № 161 "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 161
- Кабыл алынган күнү: 29.11.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.11.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205382>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5148/edition/598127/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205382.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2014-жылдын 29-ноябрындагы № 161 "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы (29.11.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205382

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 29-ноябры № 161 "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205382/st-1)

"Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 752-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча:

ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Башкы штабы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Генералдык штабы" деген сөздөргө алмаштырылсын; ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "начальниги" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "башчысы" деген сөзгө алмаштырылсын.

2. 6-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Куралдуу Күчтөр төмөнкүлөрдөн турат:

1) аскердик башкаруу органдарынан;

2) жөө аскерлер бирикмелеринен, бөлүктөрдөн жана мекемелерден (уюмдардан);

3) Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнөн;

4) Улуттук гвардиядан;

5) Чек ара кызматынан.

Аскердик башкаруу органдары, бирикмелери, бөлүктөрү жана мекемелери юридикалык жактын укуктарына ээ. Аскер комиссариаттары жергиликтүү аскердик башкаруу органдары болуп саналат.".

3. 15-беренеде:

1-бөлүгүндө: 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын; бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын: "5-1) аскер комиссариаттарынын иштерин, аскердик каттоону уюштурууну, жарандарды аскердик кызматка даярдоону, Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик, альтернативдик кызматка, аскердик (мобилизациялык) жыйындарга жана мобилизация боюнча чакырууну, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүдө аскердик-каттоо адистиктери боюнча аскердик-окутулган резервди түзүүнү жана топтоону камсыз кылат;"; 2-бөлүгүндө: 3-пункттагы "коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр "Куралдуу Күчтөрдүн" деген сөздөргө алмаштырылсын; бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын: "3-1) Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу, кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн чакыруу боюнча кызматтын аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарынан бошотуу жөнүндө буйрук чыгарат;".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205382/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
