# 9-берене. Насыялык бюрону мамлекеттик каттоодон жана лицензия берүүдөн баш тартуу

- Документ: [Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205381)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 25-ноябрындагы № 160 "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2025 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обмена кредитной информацией и установления самозапрета на заключение кредитной сделки"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030503)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.07.2025 [Закон КР от 30 июля 2025 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обмена кредитной информацией и установления самозапрета на заключение кредитной сделки"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030503); 22.04.2024 [Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205381#diff=26286..36158>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5147/edition/1289998/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205381/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө, 9-берене (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-9

---

1. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы лицензия берүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тарта алат:

1) лицензия берүү үчүн зарыл документтер берилбегенде;

2) берилген уюштуруу жана башка документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбегенде;

3) лицензия алуу үчүн берилген документтерде анык эмес же бурмаланган маалыматтар болгондо;

4) насыялык маалыматты жана өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө маалыматты санкцияланбаган жетүүдөн, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан, ачыкка чыгаруудан коргоону камсыз кылуучу программалык-техникалык комплекс болбогондо же программалык-техникалык комплекс белгиленген талаптарга ылайык келбегенде;

5) насыялык бюронун жетекчиси белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келбегенде.

2. Лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим арыз берүүчүгө баш тартуунун себебин жана арыз берүүчү көрсөтүлгөн себептерди жоюп, кайталап кароо үчүн арыз берүүгө боло турган мөөнөттү көрсөтүү менен жазуу жүзүндө жиберилет. Мында лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимде көрсөтүлгөн мөөнөт кемчиликтерди четтетүү үчүн зарыл болгон убакытка туура келүүгө тийиш.

3. Лицензия алуу үчүн берилген документтерди кайталап кароо арызды бардык зарыл документтер менен алган күндөн тартып он күндөн ашпаган мөөнөттө жүзөгө ашырылат. Насыялык бюрону мамлекеттик каттоодон жана лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимде көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндө берилген арыз жаңыдан берилди деп эсептелет.

4. Лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чечимдерин сотко чейинки даттануу жол-жоболору сакталган шартта сотко даттанылышы мүмкүн.

(КР 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 , 2025-жылдын 30-июлундагы № 167 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-10)
