# 8-берене. Насыялык бюрону мамлекеттик каттоо жана насыялык бюронун ишин жүзөгө ашырууга лицензия берүү

- Документ: [Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205381)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 25-ноябрындагы № 160 "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2025 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обмена кредитной информацией и установления самозапрета на заключение кредитной сделки"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030503)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.07.2025 [Закон КР от 30 июля 2025 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обмена кредитной информацией и установления самозапрета на заключение кредитной сделки"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030503); 23.03.2020 [Закон КР от 23 марта 2020 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере взимания неналоговых доходов и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственных гарантиях отдельным категориям партийных руководителей Киргизской ССР"](https://aqlex.ai/kg/doc/112032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205381#diff=26286..36158>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5147/edition/1289998/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205381/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө, 8-берене (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-8

---

1. Насыялык бюрону мамлекеттик каттоо мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

2. Насыялык бюронун ишин жүзөгө ашырууга лицензия (мындан ары - лицензия) берүү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүргүзүлөт.

3. Лицензия берүү үчүн Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жайгашкан жерин (почта дарегин) көрсөтүү менен арыз берилет, ага төмөнкүлөр тиркелет:

1) насыялык бюрону түзүү жөнүндө уюштуруучулардын жалпы чогулушунун протоколу;

2) насыялык бюронун уюштуруу документтери;

3) насыялык бюронун жетекчиси жана уюштуруучулары жөнүндө маалыматтар;

4) насыялык маалыматты жана өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө маалыматты санкцияланбаган жетүүдөн, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан же ачыкка чыгаруудан коргоону камсыз кылуучу программалык-техникалык комплекстин параметрлери жана жайгаштырылышы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленген талаптарга ылайыктуулугун ырастоочу документтер;

5) банктын насыялык бюронун уставдык фондунун түзүлгөнүн ырастоочу документи;

6) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк;

7) Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык лицензия үчүн мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документ.

4. Лицензия алуу үчүн документтер берилген күндөн тартып отуз күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы лицензия берет.

5. Насыялык бюронун уюштуруу документтериндеги өзгөртүүлөр жана толуктоолор мыйзамда каралган тартипте Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында каттоого жатат.

(КР 2020-жылдын 23-мартындагы № 29, 2025-жылдын 30-июлундагы № 167 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-9)
