# 7-берене. Насыялык бюро

- Документ: [Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205381)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 25-ноябрындагы № 160 "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2025 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обмена кредитной информацией и установления самозапрета на заключение кредитной сделки"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030503)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205381#diff=26286..36158>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5147/edition/1289998/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205381/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө, 7-берене (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-7

---

1. Насыялык бюро - коммерциялык уюм болуп саналган, насыялык маалымат жана өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө маалымат алмашууну жүзөгө ашыруу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү юридикалык жак.

2. Насыялык бюронун уставдык капиталына бир пайдалануучунун катышуусу 10 пайыздан ашпоого тийиш.

3. Насыялык бюронун иши ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген лицензиянын негизинде жүзөгө ашырылат.

4. Насыялык бюронун фирмалык аталышы "насыялык бюро" деген сөз айкашын камтууга тийиш. Ушул Мыйзамдын талаптарына жооп бербеген юридикалык жак өзүнүн аталышында "насыялык бюро" деген сөз айкашын пайдаланууга укуксуз.

5. Насыялык бюро өзүнүн фирмалык аталышындагы штампка, бланктарга жана өз эмблемасына ээ болууга укуктуу.

(КР 2025-жылдын 30-июлундагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-8)
