# 6-берене. Насыялык отчет

- Документ: [Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205381)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 25-ноябрындагы № 160 "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5147/edition/1289998/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205381/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө, 6-берене (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-6

---

1. Насыялык отчет - насыялык тарыхтын курамына кирген толук же жарым-жартылай маалыматты камтыган документ.

2. Насыялык отчеттун формасы, мазмуну жана берүү тартиби насыялык маалыматтарды алмашуу жөнүндө келишим менен аныкталат.

3. Насыялык отчет насыялык бюро тарабынан төмөнкүлөргө берилет:

1) насыялык маалыматты пайдалануучуга - насыялык маалымат субъектинин макулдугу менен;

2) насыялык маалымат субъектине - анын суроо-талабы боюнча, ушул насыялык маалымат субъектинин насыялык маалыматынын бардык берүүчүлөрүнүн жана пайдалануучуларынын идентификациялык маалыматтарын көрсөтүү менен.

4. Насыялык отчет эгерде келишимде башкача каралбаса, насыялык бюро тарабынан аны берүү жөнүндө суроо-талап алынган күндөн тартып эки жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө берилет.

5. Насыялык отчет насыялык маалыматтын бир гана субъектине берилет.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-7)
