# 5-берене. Насыялык тарых

- Документ: [Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205381)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 25-ноябрындагы № 160 "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 апреля 2026 года № 59 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обмене кредитной информацией"](https://aqlex.ai/kg/doc/230045548)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.04.2026 [Закон КР от 29 апреля 2026 года № 59 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обмене кредитной информацией"](https://aqlex.ai/kg/doc/230045548); 23.05.2024 [Закон КР от 23 мая 2024 года № 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере ломбардной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230008187); 22.07.2020 [Закон КР от 22 июля 2020 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об обмене кредитной информацией", "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112102)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205381#diff=36158..52455>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5147/edition/1289998/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205381/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө, 5-берене (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-5

---

1. Насыялык тарых - насыялык маалымат субъектине карата насыялык бюро тарабынан түзүлгөн насыялык маалыматтардын жыйындысы.

2. Насыялык тарых өзүнө төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:

1) насыялык маалымат субъектин идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү;

2) насыялык маалымат субъектинин насыялык бүтүмдөрү жөнүндө, ошондой эле алардын аткарылышынын абалы жөнүндө;

3) насыялык маалымат субъектинин жарандык-укуктук келишим боюнча акчалай сумманы төлөө милдеттенмелери тууралуу;

4) насыялык тарыхты түзүү датасы жөнүндө, ошондой эле насыялык тарыхты түзгөн насыялык бюро жөнүндө.

3. Насыялык тарыхка насыялык маалымат алмашуу жөнүндө келишимге ылайык башка маалыматтар да киргизилиши мүмкүн.

4. Насыялык тарыхка насыялык маалымат субъектинин милдеттенмени аткаруу күнүнөн тартып төмөнкү мөөнөттөн ашык убакыт өткөн акчалай сумманы төлөө милдеттенмелери жөнүндө маалыматтар киргизилбейт:

1) негативдүү насыялык маалымат үчүн эки жылдан;

2) суммасы отуз миң сомго барабар же андан аз насыялык бүтүм боюнча негативдүү насыялык маалымат үчүн бир жылдан;

3) позитивдүү насыялык маалымат үчүн беш жылдан.

5. Кийин жоюлган насыялык маалыматты берүүчү (юридикалык жак) тарабынан берилген насыялык маалымат, насыялык тарыхта камтылган маалыматты акыркы жолу өзгөрткөн күндөн тартып эки жыл бою сакталат.

6. Ломбард тарабынан берилген зайым келишими боюнча маалыматтар бир жыл сакталат, ал мөөнөтү өткөндөн кийин насыялык бюро тарабынан карыз алуучунун насыялык тарыхынан чыгарылат.

(КР 2020-жылдын 22-июлундагы № 85, 2024-жылдын 23-майындагы № 88 , 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 59 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-6)
