# 4-берене. Насыялык маалымат

- Документ: [Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205381)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 25-ноябрындагы № 160 "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2025 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обмена кредитной информацией и установления самозапрета на заключение кредитной сделки"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030503)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205381#diff=26286..36158>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5147/edition/1289998/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205381/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө, 4-берене (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-4

---

Насыялык маалымат - насыялык бүтүмдүн абалы жөнүндө, берилген камсыздоо (күрөө, кепилдик, кепилдик берүүчү жана камсыздоонун башка түрлөрү) боюнча милдеттенмелердин аткарылуусу тууралуу маалыматтар, ошондой эле насыялык маалымат субъектинин насыялык жөндөмдүүлүгүн, финансылык абалын, төлөө жөндөмдүүлүгүн, төлөмдүк тартиптүүлүгүн жана башка сапаттарын аныктоого өбөлгө болуучу башка маалыматтар, анын ичинде төмөнкү маалыматтар:

1) насыялык маалымат субъектин жана берүүчүсүн идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү;

2) негизги карыздын суммасын, берилген датасын, карызды график боюнча жана иш жүзүндө тындыруу датасын, пайыздык ставканын өлчөмүн, кошуп эсептелген пайыздардын суммасын, туумдун, айып пулдардын жана бышмананын суммасын, карызды кайра түзүмдөштүрүү фактысы жөнүндө маалыматты (карызды тындыруу графигине, карыздын суммасына жана түзүмүнө, пайыздык ставканын өлчөмүнө өзгөртүүлөр) кошуп алганда, насыялык маалымат субъектинин жарандык-укуктук келишим боюнча, анын ичинде колдонулуучу терминологиянын өзгөчөлүгүн эске алуу менен банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык түзүлгөн келишим боюнча акчалай сумманы төлөө милдеттенмелери тууралуу;

3) насыялык бүтүм менен байланышкан күрөө мүлкү тууралуу.

(КР 2025-жылдын 30-июлундагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-5)
