# 3-берене. Негизги түшүнүктөр

- Документ: [Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205381)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 25-ноябрындагы № 160 "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2025 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обмена кредитной информацией и установления самозапрета на заключение кредитной сделки"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030503)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.07.2025 [Закон КР от 30 июля 2025 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обмена кредитной информацией и установления самозапрета на заключение кредитной сделки"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030503); 22.07.2020 [Закон КР от 22 июля 2020 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об обмене кредитной информацией", "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112102)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205381#diff=26286..36158>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5147/edition/1289998/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205381/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө, 3-берене (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-3

---

Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат: насыялык бүтүм - насыя, зайым, лизинг, факторинг келишими жана акча каражаттарын жана башка мүлктү карызга берүү каралган башка келишимдер, ошондой эле колдонулуучу терминологиянын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык түзүлгөн келишимдер; насыялык маалымат алмашуу - насыялык бюронун, субъекттин, насыялык маалымат берүүчүнүн жана пайдалануучунун насыялык тарыхты түзүү жана насыялык отчетту берүү максатында насыялык маалыматты жыйноо, иштеп чыгуу, талдоо, сактоо, берүү, пайдалануу жана коргоо боюнча өз ара аракеттенүүсү; насыялык маалымат субъекти - тиешелүү түрдө зайымчы (карызкор), лизинг алуучу, банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык түзүлгөн келишим боюнча кардар, кепилдик берүүчү, кепил катары чыгуучу же болбосо түзүлгөн жарандык-укуктук келишимге ылайык насыячынын алдында башка финансылык карызы жана милдеттенмеси бар юридикалык же жеке жак, насыялык бүтүм түзүүгө тыюу салган жеке жак; насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуу (мындан ары - өзүнө-өзү тыюу салуу) - насыялык маалымат субъектинин - жеке жактын ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык банк же банктык эмес финансы-насыялык уюм (мындан ары - насыялык уюм) менен насыялык бүтүм түзүүгө тыюу салууну белгилөөгө өз алдынча эрк билдирүүсү; насыялык маалымат берүүчү - насыялык бюрого насыялык маалымат берүүчү юридикалык же жеке жак; насыялык маалыматты пайдалануучу - тиешелүүлүгүнө жараша насыячы, лизинг берүүчү, күрөө кармоочу катары чыгуучу юридикалык же жеке жак. позитивдүү насыялык маалымат - түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелердин насыялык маалымат субъекти тарабынан талаптагыдай аткарылышы жөнүндө маалыматтарды камтыган, насыялык маалымат субъекти жөнүндө маалымат; негативдүү насыялык маалымат - келишимдик милдеттенмелерди (мөөнөтү өткөн карызды) жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү токсон календардык күндөн ашык аткарбагандыгы жөнүндө маалыматтарды камтыган насыялык маалымат субъекти жөнүндө маалымат. Эгерде милдеттенмелерди аткарбоо өзгөчө кырдаал жана (же) өзгөчө абал убагында болсо, келишимдик милдеттенмелерин жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрүн аткарбагандыгы жөнүндө маалыматтар негативдүү насыялык маалыматка киргизилбейт.

(КР 2020-жылдын 22-июлундагы № 85, 2025-жылдын 30-июлундагы № 167 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-4)
