# 24-берене. Насыялык маалымат берүү жана алмашуу боюнча чектөөлөр

- Документ: [Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205381)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 25-ноябрындагы № 160 "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июля 2020 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об обмене кредитной информацией", "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112102)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205381#diff=1290000..1290001>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5147/edition/1289998/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205381/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө, 24-берене (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-24

---

1. Насыялык маалымат берүү жана алмашуу насыялык бүтүмдөрдү түзүүдө, өзгөртүүдө жана аткарылышынын мониторингинде тобокелдиктерди баалоо максатында, анын ичинде насыялык маалымат субъекттерин рейтингдик баалоо жолу менен гана жүзөгө ашырылат.

2. Насыялык маалымат Кыргыз Республикасынын сотуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн. Насыялык маалымат кайсы болбосун үчүнчү жактарга соттук актынын негизинде гана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.

3. Насыялык маалыматты пайдалануучу болуп саналбаган жактарга насыялык маалыматты, насыялык тарыхты, насыялык отчетторду, ошондой эле башка маалыматты берүүгө жол берилбейт.

(КР 2020-жылдын 22-июлундагы № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-25)
