# 23-берене. Насыялык маалыматты сактоо жана коргоо

- Документ: [Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205381)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 25-ноябрындагы № 160 "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5147/edition/1289998/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205381/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө, 23-берене (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-23

---

1. Насыялык бюролор, насыялык маалымат берүүчүлөр жана пайдалануучулар насыялык маалыматты санкцияланбаган жетүүдөн, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан же ачыкка чыгаруудан сактоону жана коргоону камсыз кылууга тийиш.

2. Насыялык тарыхтын курамына кирген маалыматка карата жетүүнү ушул Мыйзамга ылайык алган насыялык бюролорго, насыялык маалымат берүүчүлөргө, пайдалануучуларга, алардын жетекчилерине жана башка кызматкерлерине насыялык маалымат алмашуу процессинде алар тарабынан алынган же аларга белгилүү болуп калган маалыматтарды ачыкка чыгарууга тыюу салынат.

3. Кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ишенип берилген же белгилүү болгон же болбосо насыялык маалыматты түзүүчү маалыматтар ушул Мыйзамда белгиленген тартипте берилген адамдар бул маалыматтарды эмгек келишими (контракт) токтотулгандан кийин да ачыкка чыгарууга укуксуз.

4. Көрсөтүлгөн адамдар насыялык маалыматты ачыкка чыгаргандыгы же мыйзамсыз пайдалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик тартышат.

---

Мурунку берене: [22-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-22-1)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-24)
