# 22-берене. Насыялык маалымат субъектинин укуктары

- Документ: [Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205381)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 25-ноябрындагы № 160 "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2025 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обмена кредитной информацией и установления самозапрета на заключение кредитной сделки"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030503)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205381#diff=26286..36158>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5147/edition/1289998/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205381/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө, 22-берене (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-22

---

Насыялык маалымат субъекти төмөнкүлөргө укуктуу:

1) насыялык маалымат берүүчүдөн же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан анын насыялык тарыхы кайсы насыялык бюродо сакталгандыгы жөнүндө маалымат алууга;

2) насыялык бюродон өзү жөнүндө жылына бир жолу акысыз негизде насыялык отчет алууга;

2-1) Кыргыз Республикасынын Электрондук кызмат көрсөтүүлөрүнүн мамлекеттик порталы аркылуу өзүнүн өзүнө-өзү тыюу салуусу жөнүндө маалыматты акысыз негизде алууга;

3) насыялык маалымат субъектине оңдолгон насыялык отчет берилген учурда, ушул Мыйзамдын 14-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык насыялык бюродон өзү жөнүндө акысыз негизде насыялык отчет алууга;

4) насыялык бюрого, насыялык маалыматты берүүчүгө же насыялык маалыматты пайдалануучуга насыялык отчетто камтылган маалыматтардын чындыкка ылайык келбөө предметине карата арыз менен кайрылууга;

5) насыялык бюродон ал жөнүндө жана насыялык отчетту берүүнүн максаты тууралуу жана насыялык отчет берилген насыялык маалыматты пайдалануучулар жөнүндө маалымат алууга;

6) анык жана жаңыланган маалыматтарды чагылдыруу максатында насыялык маалымат берүүчүлөрдөн насыялык маалыматка өзү жөнүндө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылууга;

7) насыялык маалымат берүүчүлөрдөн насыялык бюролорго насыялык маалыматты өз убагында берүүнү талап кылууга;

8) насыялык бюродон насыялык тарыхка өзү жөнүндө тактоолорду киргизүүнү талап кылууга;

9) ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык макулдук талап кылынган учурларда насыялык бюрого насыялык маалыматты, өзү жөнүндө насыялык отчетту берүүгө макулдук берүүдөн баш тартууга;

10) насыялык бюрого өзүнүн кайрылуусун өз убагында кароону талап кылууга;

11) өзү жөнүндө насыялык бюродогу насыялык маалыматка аны пайдалануу максатына карабастан жетүүгө;

12) ушул Мыйзамдын 22-1-беренесине ылайык насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салууну белгилөөгө, ошондой эле мындай өзүнө-өзү тыюу салууну алып салууга.

(КР 2020-жылдын 22-июлундагы № 85 , 2025-жылдын 30-июлундагы № 167 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-21)  
Кийинки берене: [22-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-22-1)
