# 22-1-берене. Насыялык бүтүмдөрдү түзүүгө тыюу салууну белгилөө же болбосо мындай тыюу салууну алып салуу

- Документ: [Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205381)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 25-ноябрындагы № 160 "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-22-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5147/edition/1289998/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө, 22-1-берене (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-22-1

---

1. Өзүнө-өзү тыюу салууну белгилөө, ошондой эле өзүнө-өзү тыюу салууну алып салуу насыялык маалымат субъектиси - жеке жак тарабынан Кыргыз Республикасынын Электрондук кызмат көрсөтүүлөрүнүн мамлекеттик порталы аркылуу же Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталуучу башка ыкма менен акысыз өз алдынча жүргүзүлөт. Белгиленген өзүнө-өзү тыюу салуу бул өзүнө-өзү тыюу салуу белгиленгенге чейин насыялык уюмдар менен түзүлгөн насыялык бүтүмдөргө карата колдонулбайт.

2. Насыялык бүтүмдөрдү түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө маалымат насыялык бюролорго өзүнө-өзү тыюу салган насыялык маалымат субъектинин тандоосу боюнча жөнөтүлөт. Кыргыз Республикасынын Электрондук кызмат көрсөтүүлөрүнүн мамлекеттик порталы жана насыялык маалымат берүүчүлөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясы бар жана Насыялык бюролордун мамлекеттик реестрине киргизилип иштеп жаткан насыялык бюролор менен насыялык бүтүмдөрдү түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуу (тыюу салууну алып салуу) жөнүндө маалыматты берүү бөлүгүндө тутумдар аралык интеграцияны камсыздайт.

3. Өзүнө-өзү тыюу салууну белгилөөнүн башталышынын, колдонууда болуусунун жана колдонууда болуусунун аякташынын мөөнөттөрүн аныктоо тартиби, өзүнө-өзү тыюу салууну (тыюу салууну алып салууну) белгилөөнүн формасы жана талаптары Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленет.

(КР 2025-жылдын 30-июлундагы № 167 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-22)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-23)
