# 21-берене. Насыялык маалыматты пайдалануучунун укуктары жана милдеттери

- Документ: [Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205381)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 25-ноябрындагы № 160 "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2025 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обмена кредитной информацией и установления самозапрета на заключение кредитной сделки"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030503)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.07.2025 [Закон КР от 30 июля 2025 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обмена кредитной информацией и установления самозапрета на заключение кредитной сделки"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030503); 27.01.2025 [Закон КР от 27 января 2025 года № 28 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере доступа к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021237)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205381#diff=26286..36158>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5147/edition/1289998/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205381/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө, 21-берене (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-21

---

1. Насыялык маалыматты пайдалануучу төмөнкүлөргө укуктуу:

1) (КР 2025-жылдын 30-июлундагы № 167 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2) насыялык бюрого берилген насыялык отчеттун аныктыгы боюнча өзүнүн сын-пикирлерин билдирүүгө. ;

3) насыялык бюролордон насыялык маалымат субъектине рейтингдик баа берүүнү жүргүзүү усулун жана насыялык маалымат субъектине рейтингдик баа берүүгө таасир кылган факторлорду түшүндүрүүнү талап кылууга.

2. Насыялык маалыматты пайдалануучу мыйзамдарга жана насыялык маалымат алмашуу жөнүндө келишимге ылайык жана башка укуктарга ээ болушу мүмкүн.

3. Насыялык маалыматты пайдалануучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) насыялык бюродон насыялык маалымат субъекти жөнүндө насыялык отчетту алууга насыялык маалымат субъектинин макулдугун суроого;

2) насыялык отчеттун купуялуулугун жана сакталышын сактоого жана анда камтылган насыялык маалыматты үчүнчү жактарга жарыя кылбоого;

3) насыялык отчетту ушул Мыйзамдын 24-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган максаттар үчүн гана пайдаланууга;

4) насыялык бюронун талабы боюнча тааныштыруу үчүн үч жумушчу күндүн ичинде ага мурда насыялык маалымат субъектинен алынган ал жөнүндө насыялык отчетту берүүгө макулдугун көрсөтүүгө.

5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан лицензия алган жана Насыялык бюролордун мамлекеттик реестрине киргизилген бардык насыялык бюролордон экиден кем эмес насыялык бюродон насыя тууралуу маалыматты суратып алууга;

6) насыялык уюмдар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясы бар жана Насыялык бюролордун мамлекеттик реестрине киргизилген иштеп жаткан насыялык бюролордон насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуунун бар экендиги жөнүндө маалыматты сурап алууга жана колдонуудагы өзүнө-өзү тыюу салуу болгон учурда насыялык маалымат субъектиси - жеке жак менен насыялык бүтүм түзүүдөн баш тартууга милдеттүү. Насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуунун бар экендиги жөнүндө суроо-талап насыялык бюрого кардардын макулдугусуз жөнөтүлүшү мүмкүн.

4. Насыялык маалыматты пайдалануучу насыялык отчетто камтылган маалыматтардын бурмалангандыгы үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.

5. Насыялык маалыматты пайдалануучу мыйзамдарга жана насыялык маалымат алмашуу жөнүндө келишимге ылайык жана башка милдеттерди да алышы мүмкүн.

6. Насыялык уюмдар тарабынан ушул берененин 3-бөлүгүнүн 6-пунктунун талаптарын бузуу менен түзүлгөн насыялык бүтүм жараксыз болуп саналат.

(КР 2025-жылдын 27-январындагы № 28 ,2025-жылдын 30-июлундагы № 167 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-22)
