# 20-берене. Насыялык маалымат берүүчүнүн укуктары жана милдеттери

- Документ: [Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205381)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 25-ноябрындагы № 160 "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2025 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обмена кредитной информацией и установления самозапрета на заключение кредитной сделки"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030503)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205381#diff=26286..36158>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5147/edition/1289998/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205381/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө, 20-берене (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-20

---

1. Насыялык маалымат берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:

1) насыялык бюродон лицензиянын болушун талап кылууга;

2) насыялык маалыматты бир нече насыялык бюрого берүүгө. Насыялык маалымат берүүчүлөр - насыялык уюмдар насыялык маалыматты ушул Мыйзамдын 16-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык беришет.

2. Насыялык маалымат берүүчү мыйзамдарга жана насыялык маалымат алмашуу жөнүндө келишимге ылайык жана башка укуктарга ээ болушу мүмкүн.

3. Насыялык маалымат берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) насыялык бюрого иш жүзүндөгү маалыматтарга негизделген анык жана жаңыланган насыялык маалыматты берүүгө;

2) насыялык бюрого насыялык маалыматтагы өзгөрүүлөр жана жаңылоолор жөнүндө өз убагында кабарлоого;

3) насыялык маалымат субъектисинин жана (же) насыялык бюронун маалыматтарда табылган каталары жана дал келбестиктер бөлүгүндө талабы боюнча насыялык бюрого мурда берилген насыялык маалыматка өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;

4) насыялык маалымат алмашуу жөнүндө келишимге ылайык насыялык бюрого маалыматтарды берүү тутумунун үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылууга.

4. Насыялык маалымат берүүчү насыялык бюрого берилүүчү насыялык маалыматтын бурмалангандыгы үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.

5. Насыялык маалымат берүүчү мыйзамдарга жана насыялык маалымат алмашуу жөнүндө келишимге ылайык жана башка милдеттерди алышы мүмкүн.

(КР 2025-жылдын 30-июлундагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-21)
