# 19-берене. Насыялык маалымат субъектинин насыялык бюрого насыялык отчет берүүгө макулдугу

- Документ: [Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205381)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 25-ноябрындагы № 160 "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5147/edition/1289998/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205381/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө, 19-берене (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-19

---

1. Насыялык бюро насыялык маалыматты пайдалануучуга насыялык отчетту насыялык маалымат субъектинин макулдугу менен гана берет.

2. Насыялык маалымат субъектинин өзү жөнүндө насыялык отчет берүүгө макулдугу мыйзамга ылайык датасын, насыялык маалыматты пайдалануучуну жана насыялык отчет берүүнүн максатын көрсөтүү менен жазуу жүзүндө же электрондук документ түрүндө жол-жоболоштурулат. Насыялык отчет насыялык маалымат субъектинин макулдугунда көрсөтүлгөн насыялык маалыматты пайдалануучуга гана берилет.

3. Насыялык маалымат субъектинин өзү жөнүндө насыялык отчет берүүгө макулдугу насыялык маалыматты пайдалануучуда беш жыл бою сакталууга тийиш. Эгерде насыялык маалымат субъекти менен насыялык маалыматты пайдалануучунун ортосунда насыялык бүтүм түзүлсө, анда насыялык маалымат субъектинин өзү жөнүндө насыялык отчет берүүгө макулдугу насыялык бүтүм аткарылган датадан кийин насыялык маалыматты пайдалануучуда беш жыл бою сакталууга тийиш. Насыялык маалыматты пайдалануучу насыялык бюронун талабы боюнча суроо-талаптын датасынан тартып үч жумушчу күндүн ичинде көрсөтүлгөн макулдукту тааныштыруу үчүн берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-20)
