# 18-берене. Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө келишим

- Документ: [Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205381)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 25-ноябрындагы № 160 "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5147/edition/1289998/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205381/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө, 18-берене (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-18

---

1. Насыялык бюро насыялык маалыматты насыялык маалымат берүүчүлөрдөн алат жана насыялык маалымат алмашуу жөнүндө келишимдин негизинде насыялык маалыматты пайдалануучуларга насыялык отчет берет.

2. Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө келишим насыялык бюро менен насыялык маалымат берүүчүнүн же болбосо пайдалануучунун ортосунда түзүлөт.

3. Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө келишим төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) насыялык маалымат берүүнүн жана жаңылоонун түрүн, формасын, тартибин;

2) тараптардын насыялык маалыматты санкцияланбаган жетүүдөн, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан же ачыкка чыгаруудан коргоону камсыз кылуу боюнча укуктарын жана милдеттерин;

3) насыялык маалыматта анык эмес же бурмаланган маалыматтар табылганда жана оңдоодо тараптардын өз ара аракеттенүү тартибин.

4. Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө келишим мыйзамдарга ылайык жана башка шарттарды да камтышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-19)
