# 17-берене. Насыялык бюрого насыялык маалымат берүүчү органдар жана уюмдар

- Документ: [Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205381)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 25-ноябрындагы № 160 "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июля 2019 года № 83 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере официальной статистики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111930)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205381#diff=1289998..1289999>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5147/edition/1289998/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205381/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө, 17-берене (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-17

---

1. Насыялык маалымат насыялык бюрого анын суроо-талабы боюнча төмөнкүдөй берилет:

1) юридикалык жактарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан, - юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) Бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген маалыматтардын көлөмүндө;

2) жеке ишкерлерди мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан, - Салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик реестрине киргизилген купуя эмес маалыматтардын көлөмүндө;

3) кыймылсыз мүлккө жана алар менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, - мыйзамдарда белгиленген тартипте кыймылсыз мүлккө укуктардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрине (УБМР) киргизилген маалыматтардын көлөмүндө;

4) автотранспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте;

5) мамлекеттик салык кызматынын органдары тарабынан - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык конкреттүү салык төлөөчүнүн салыктык сырын түзбөгөн маалыматтардын көлөмүндө;

6) мамлекеттик нотариалдык конторалар тарабынан - бүтүмдүн предмети болуп саналган объектини ажыратууга тыюу салуунун же камакка алуунун жок экени жөнүндө;

7) лицензия жана (же) башка уруксаат документтерди берүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан, - бул документтерди берүү, лицензия жана (же) башка уруксат документтердин колдонулушун токтото туруу же токтотуу фактысы жөнүндө, ошондой эле аларды кайра жол-жоболоштуруу тууралуу.

2. Насыялык маалымат насыялык бюролорго мыйзамдарга ылайык башка органдар жана уюмдар тарабынан берилиши мүмкүн.

(КР 2019-жылдын 8-июлундагы № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-18)
