# 16-берене. Насыялык бюролорго насыялык маалымат берүү

- Документ: [Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205381)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 25-ноябрындагы № 160 "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2025 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обмена кредитной информацией и установления самозапрета на заключение кредитной сделки"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030503)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.07.2025 [Закон КР от 30 июля 2025 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обмена кредитной информацией и установления самозапрета на заключение кредитной сделки"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030503); 29.03.2023 [Закон Кыргызской Республики от 29 марта 2023 года № 74 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обмене кредитной информацией"](https://aqlex.ai/kg/doc/112555); 22.07.2020 [Закон КР от 22 июля 2020 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об обмене кредитной информацией", "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112102)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205381#diff=26286..36158>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5147/edition/1289998/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205381/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө, 16-берене (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-16

---

1. Насыялык маалымат насыялык маалымат берүүчүлөр тарабынан насыялык бюролорго насыялык маалымат алмашуу жөнүндө келишимдин негизинде берилет.

2. Насыялык маалымат берүүчүлөр - насыялык уюмдар өздөрүндө болгон насыялык маалыматты ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясы бар жана Насыялык бюролордун мамлекеттик реестрине киргизилген, учурда иштеп жаткан насыялык бюролорго берүүгө милдеттүү.

Өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын кесепетинен улам келишимдик милдеттенмелер (мөөнөтү өткөн карыз) жана (же) башка милдеттүү төлөмдөр токсон календардык күндөн ашык аткарылбагандыгы тууралуу маалыматтар, насыялык маалымат субъекти тарабынан арыз берилген шартта, терс насыялык маалыматка киргизилбейт, анда насыялык маалымат субъектинин өз милдеттенмелерин талаптагыдай аткаруусуна таасир эткен өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын киргизилиши менен байланышкан жагдайлар көрсөтүлүүгө тийиш.

3. Насыялык маалымат, эреже катары электрондук формада берилет. Насыялык маалыматты кагазда алып жүрүүчүдө берүү насыялык маалымат алмашуу жөнүндө келишимде аныкталат.

4. Насыялык маалымат берүүчүлөр негативдүү насыялык маалымат берилген учурларды кошпогондо, насыялык маалыматты насыялык бюролорго насыялык маалымат субъектинин макулдугу менен беришет. Насыялык бюролор насыялык маалымат субъектинин макулдугу менен гана насыялык маалыматты өз ара алмаша алышат.

5. Насыялык маалымат берүүчүлөр жана насыялык бюролор банктык жана коммерциялык сырды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сактоого милдеттүү.

(КР 2020-жылдын 22-июлундагы № 85, 2023-жылдын 29-мартындагы № 74 , 2025-жылдын 30-июлундагы № 167 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-17)
